"Түркиянын Кайсери шаарындагы жардырууну уюштурган" деген шек менен 7 адам кармалды

"Түркиянын Кайсери шаарындагы жардырууну уюштурган" деген шек менен 7 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 17-декабрдагы терактка азырынча бир дагы террордук уюм жоопкерчилик ала элек. Түркия бийлиги жардырууну Күрд жумушчулар партиясы уюштурушу мүмкүн деп шек саноодо. Кырсыктан 13 адам каза болуп, 50гө жакын адам жаракат алган.

Эске салсак, өткөн аптада Стамбул шаарында эки жардыруу болуп, жалпысынан 44 адам каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан