Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жычак устундуу, шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры жана 70 түк беде күйгөн. Өрттүн келип чыгышына меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.