Таш-Көмүрдөгү шахтада уранды алдында 11 саат жатып аман калган жаран: "Бир аз боштук бар эле, ошо менен дем алып жаттым"

2016-жылдын 16-декабрь күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көмүр шахталарынын биринде жер кыртышы урап, 4 адамды басып калган. Кырсыктын кесепетинен Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган Ч.Б. жана Аксы районунун тургуну У.Н. каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 27 куткаруучу издөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада Дамир Канатбеков 2 сааттан кийин, ал эми Дайырбек Байышкулов 11 сааттан кийин куткарылып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Дайырбек Байышкуловдун абалы баштагыга караганда жакшы. Өз алдынча басып калды. Ал эми Дамир Канатбековдун буту сынган. Ага пландуу түрдө операция жасалат, даярдыктар көрүлүүдө”, - деп билдиришти Таш-Көмүр шаардык ооруканасынан.

11 саат уранды алдында жаткан Дайырбек Байышкулов SUPER.KG порталына буларды айтып берди: “Жалпы төртөөбүз көмүр казып жатканбыз. Күтүлбөгөн жерден жер кыртышы урап, бизди басып калды. Жанымда чоң таш болуп калып, уранды толук көмгөн жок. Бир аз боштук бар эле. Ошо менен дем алып жаттым. Дем жетпей, бир канча жолу эс-учумду жоготтум. Кийин адамдардын үнүн угуп, кыйкырууга аракет кылдым. Бирок ага үнүм деле чыкпай калыптыр. Куткаруучуларга рахмат, өмүрүмдү сактап калышты”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
semo
2016-12-19 16:34:46
Куткаруучуларга рахмат аз айлык алса да келип куткарып чоң соопко калып жатышат
+9
Musabaeva.
2016-12-19 16:40:16
Омурунуз узуун болсун! Дагы коп жашайсыз Кудайым буйруса.Батырак айыгып кетиниздер.
+3
A3A
2016-12-19 17:16:13
Кудай сактасын!
0
mirkin
2016-12-19 17:19:02
Куткаруучу менен дарыгерлерге чоон рахмат. Ар дайым элди ойлоп иштеп келишет аз айлык майана болсо да кун-тун дебей, майрамды билбей иштеп келишет. Жаны жылга баары даярдык коруп акча чогултуп майрамдайлы деп шан шоокотко камданып жатышат. дарыгерлер менен куткаруучулар тынч болсо экен деп кудайдан тилеп иш ордунда олтурушат.
Сиз болсо кудай суйгон пенде экенсиз аллахым омурунузду берсин ушуну менен баардык жамандыктар чыгып кетсин.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан