Орусияда "Боярышник" суюктугун колдонуудан улам ууланып каза болгондордун саны 19га жетти

Орусияда "Боярышник" суюктугун колдонуудан улам ууланып каза болгондордун саны 19га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул окуя 17-18-декабрь күндөрү Иркутск облусунда болгон. Анда жалпысынан 40 адам ууланып, ооруканага жеткирилген. Бирок 19 адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Уулангандардын айтымдарында, спирт ичимдиги катары "Боярышник" суюктугун ичишкенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча, уулангандардын көпчүлүгү 35-50 жаштагылар. Алар ичүүгө ылайыкталбаган суюктукту ичип алышкан.
Учурда кылмыш иши козголуп, аталган суюктукту саткандар сурак беришүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
A3A
2016-12-19 12:04:12
Эмне экенин билбей эле иче беришеби?...
Сагызганга окшoп.
-2
safia16
2016-12-19 12:41:39
Биз иштеген магазинде да бар эле. Косметикалык каражат.Угриге каршы. Сатуучуларда эмне куноо,ар бир алган адам инструкциясын окуш керек. Бирок 75-80%спирт составы,анан арзан дагы.(26рубль).Алкаштай туру бар адамдар коп алчу,кудай сактасын.
+2
Kroxa
2016-12-19 16:39:04
Только для наружного деп турса деле иче беришкен го аракеч адамдар олгондор анда...
0
Aytur
2016-12-19 17:14:52
Россияда аптекаларда спирт да сатылбайт.
0
Shirin_N88
2016-12-19 18:44:22
Aytur,оа ошондой экен но,балам ысытмасы которулуп аптекадан спирт сурасак сатылбайт дейт ,мына кызыыык.Мага окшогон чонтогу жукаларга дары алыш да кыйын экен.
0
Djal1987
2016-12-20 02:07:20
Shirin_N88,россияда деги эле аптекага киргенде арзан даары сурасаныз болот. Себеби выручка коп болуш учун кымбат даары сатканга аракет кылышат. Врачка да айтса болот кымбат даары алалбайм десениз арзан турун жазып берет.
0
Shirin_N88
2016-12-20 19:50:25
Djal1987,кайдагы врач поликлиникасы бизди карабай койду полисинер жок деп платный карап кой десек да болбоду,анан озубуз билген дарыларды алып ичкенге туура келди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан