ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: 19 жыл мурун Индонезияда Boeing 737 учагы дарыяга кулап түшүп, 104 киши курман болгон

1997-жылы 19-декабрда Индонезиянын Суматра аралында учуп бараткан Боинг-737-36N учагы 180 градуска бурулуп, тик ылдый учуп, Муси дарыясына кулап түшкөн. Жыйынтыгында андагы 104 кишинин баары (97 жүргүнчү, 7 экипаж мүчөсү) каза болгон. Учак Индонезиянын Тангеранг шаарынан учуп чыгып, Сингапур мамлекетине бара жаткан. Кырсык аба майданынан учуп чыккандан кийин 35 мүнөттөн соң, 10 668 метр бийиктикте болгон.

Каргашалуу окуяга байланыштуу иликтөө иши жүрүп, кырсык карызга баткан учкучтун өзүн өзү өлтүрүүсүнөн улам же багыт алуучу рулдун иштебей калышынан келип чыккандыгы айтылган.

19-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан