ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: 33 жыл мурун Бразилиядагы Футбол федерациясынын имаратынан дүйнөлүк чемпиондукта жеңүүчү командага берилүүчү кубок уурдалган

1983-жылы 19-декабрда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Футбол федерациясынын имаратынан дүйнөлүк чемпиондукта жеңүүчү командага берилүүчү Никанын алтын статуэткасы - Жюль Римэнин кубогунун оригиналы уурдалган.
ФИФАнын эрежеси боюнча, Жюль Римэнин кубогун 3 жолу жеңип алган өлкө ага түбөлүк ээлик кылуу укугуна ээ болот. 1970-жылы бразилиялыктар аталган кубокту 3-ирет жеңип, аны биротоло мекенине алып кетишкен. Кылмыш болгон соң полиция кызматкерлеринин жан үрөп кылган аракеттери, убада кылынган миллиондогон акчалар сыйлыкты мурдагы калыбында кайтара алган эмес. Бул кылмыштын бетин ачуу 3 жылдан ашуун убакытка созулуп, алтын кубоктун эритилип сатылгандыгы аныкталган. Бул окуя спорт дүйнөсүнүн тарыхында "Кылымдын уурулугу" деген ат менен сакталып калган.
Күнөөлүү деп табылган 3 адам - Жозе Луис да Силва (сүрөтчү), Франциско Жозе Роша (полиция кызматкери, экөө тең 9 жылга кесилген), Хуан Карлос Эрнандес (зергер, 3 жылга кесилген) камакка алынышкан. Окуя болгондон 10 жылдан кийин кылмышка катышы бар жергиликтүү кылмыш тобунун жетекчиси Сержио Айрес Перейра кармалып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Бразилияда аталган сыйлыктын көчүрмөсү сакталуу.

19-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rukopashnik
2016-12-19 14:24:32
камалып чыгышыптырда баары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан