Бишкекте унаа сүзүп кеткен эки студент кыздын бири каза болду

Бишкекте унаа сүзүп кеткен эки студент кыздын бири каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Эки студент кыздын баш мээси катуу жабыркаган. Бири 18-декабрь күнү өзүнө келе албай каза болду. Экинчиси жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы дале оор. Ал эми кыздарды сүзүп алган айдоочу жалпы палатада дарыланууда", - дейт Кубатбеков.

Айта кетсек, жол кырсыгы 14-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда күн чыгышты көздөй келе жаткан айдоочу унаасы менен эки студент кызды сүзүп, бирин тебелетип кеткен. Алар Кыргыз улуттук агрардык университетинен сабактан чыгып келе жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
fariHali
2016-12-19 15:17:31
жаткан жери жайлуу болсун.
+2
maks93
2016-12-19 15:24:08
Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
leilek_suluktu
2016-12-19 15:39:27
сабыр.
+3
Uson13
2016-12-19 15:47:25
Катуу айдап адам өлүмүнө себепкер болгон адамдыда өлүм жаңасына тартыш керек болбосо бул кырсыктар азайбайт окшойт
+1
Baatur7777
2016-12-19 15:58:36
Кырсык да, кылайын деп кылбаса керек.олум жазасы болсо кыргыздар кырылып калат го...
0
Revolyutsiya
2016-12-19 19:45:04
Baatur7777, ошондо айдоочулар опколорун колдоруна кармап машине айдабастан абайлап, жол эрежесин сактап айдап калат. Болбосо жол кырсыгынан улам каза болгондор артып барат. Эмне, алардын омуру омур эмес бекен?!! Качан жаза кучоп катаалдашканда гана кырсык саны азаят.
+1
leilek_suluktu
2016-12-19 16:08:29
Админ Рустам Жалилов Кылмышкер кармалдывы Жанара Бараталиеванын олумуно себепкер.
+2
admin_portal
2016-12-19 16:18:04
leilek_suluktu, сунуш тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Fari-1992
2016-12-19 16:15:55
Жаткан жери жайлуу болсун. Эч эле ишене албайбыз. Динара сенин элесин дайыма биз менен
+1
Bishkek.001
2016-12-19 16:32:35
Кырсык да.айдоочу да атайын кылбаса керек.жаткан жери жайлуу болсун.
Жакындарына көңүл айтам
+2
Revolyutsiya
2016-12-19 19:47:50
Bishkek.001, эмне эле айдоочунун тарабын алып жатасынар, айлоочу машинесин жай айдаса ушул кырсык болмок беле, катуу сузуп тебелетип кеткидей. Айдоочу олум жазасынв же 20 жыл абакка окум кылынышы керек, амнистия менен бошобой турган кылып, болбосо террористтер да 1-2 жылда боштондукка чыгып кетип жатышат.
0
jorgo2411
2016-12-19 17:32:22
Жаткан жери жайлуу болсун аябай Жакшыы кыз болчу окунучтууу))):-(((
0
muras111211
2016-12-19 21:08:20
Жайы жаннатта б.н ата энесине бир туугандарына сабр.кырсык да
0
mr.sher
2016-12-19 21:35:02
Кызык супер неге айдоочу жана машина жонундо маалымат бербей жатат??? Айдоочу карманы калындарданбы??? Кылмыш козголдубу жокбу???
+1
admin_portal
2016-12-20 10:52:22
mr.sher, саламатсызбы? http://www.super.kg/kabar/news/169409/
0
KGstan1981
2016-12-19 22:03:42
Иса Омуркуловтун жур атасы президент болуп турган кезде.Эгерде ошол машинесинде сузуп кеткен айдооочусунда крышасы(тааныш-билиши) болсо анда акталып кетет же болбосо условный деп жаза беришет.Эсинерде болсо мындан 3-4 мурун Омуркуловтун баласы дагын машинесинде бир к-ча адамды сузуп камалган эмес себеби Омуркуловтун журт атасы президент.
+1
mambo-1984
2016-12-20 01:15:05
Азыркы жаштарга да убал жок эки жакты карабай наушник тагынып же сотка менен сүйлөшүп өтүшөт көзүн чон ачыш керекта тем боле жол тайгакта
+1
Fari-1992
2016-12-20 13:05:44
Экинчи кыз да каза болдууу
0
aika1983
2016-12-20 16:48:59
Кыздардын аты-жонун билсе болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан