Орусияда "Боярышник" суюктугун колдонуудан улам каза болгондордун саны 30дан ашты

Орусияда "Боярышник" суюктугун колдонуудан улам каза болгондордун саны 30дан ашты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.

"Ооруканада 20 адам, ал эми өз үйүндө 10дон ашык адам каза болгон. Учурда дагы 15 адам оор абалда жатат", - деп айтылат Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында.

Айта кетсек, бул окуя 17-18-декабрь күндөрү Иркутск облусунда болгон. Уулангандардын айтымдарында, спирт ичимдиги катары "Боярышник" суюктугун ичишкенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан. Алардын көпчүлүгү 35-50 жаштагылар.

Учурда кылмыш иши козголуп, аталган суюктукту саткандар сурак беришүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tuigan.
2016-12-19 17:37:28
Самогон тура бизче)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан