Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кароодо

Бүгүн, 20-декабрда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. Буга чейинки отурумдарда айыпталуучу, жабырлануучу, күбөлөр көрсөтмө беришкен. Учурда жарыш сөздөр айтылууда.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
anuvar0903
2016-12-20 10:33:31
соттой албай кыйналдынар го
0
nurbek11
2016-12-20 13:03:04
Ушул жетим [moderated]ы мага берсенер мен кыйнап журуп олтурот элем го чиркин. БУУ [moderated]ы актагыла деген жок сот кандай болгонун текшерууну суранган. Кээ бирки биздин улут душмандарыбыз дароо актап турмодон чыгарууну айтып жатышат. БУУ ички ишибизге кийлигише албайт болгону озунун позициясын эле билдирди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан