Аламүдүн районунда батирде өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районундагы Пригородное айылынын Ю.Гагарин көчөсүндөгү №29-үйдүн 16-батиринде өрт чыккан. Натыйжада батирдин ичиндеги бир төшөк күйгөн. Анын кесепетинен 1952-жылы туулган үй ээси түтүнгө ууланып каза болгон. Кырсыктын келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.