Бишкекте унаа сүзүп кеткен студент кыздардын экинчиси да каза болду

Бишкекте унаа сүзүп кеткен студент кыздардын экинчиси да каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Бири 18-декабрь күнү, экинчиси 19-декабрь түнү каза болду. Эки студент кыздын баш мээси катуу жабыркагандыктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду. Ал эми кыздарды сүзүп алган айдоочу жалпы палатада дарыланууда", - дейт Кубатбеков.

Айта кетсек, жол кырсыгы 14-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда күн чыгышты көздөй келе жаткан айдоочу унаасы менен эки студент кызды сүзүп, бирин тебелетип кеткен. Алар Кыргыз улуттук агрардык университетинен сабактан чыгып келе жатышкан.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
anar8672
2016-12-20 15:18:49
Камагыла озуу оорубай башы ХХХ калсын
0
Seda
2016-12-20 15:37:23
Пешеход кечинде корунбой калат баардык пешеходторду жарык койуш керек мен аябай корком кечкисин корунбой калат айдап баратканда киши отуп баратканы
+1
Fari-1992
2016-12-20 15:48:57
Бул жерде кыздардын куноосу жок. Олгон кишинида жайына койбойсунар. озунордун деле ага-тууган, ини-карындаштарынар деле бардыр. Кимибизди кандай олум кутуп турат ким билет
+3
Guliii
2016-12-20 15:51:20
Аллахым бейишинен орун берсин.Байкуш кыздар кандай гана арзуу, тилектер менен окуп жатышты эле. Жакындарына сабыр тилейм.
+2
manachaka
2016-12-20 16:52:46
Оомин . Жаткан жери жайлуу болсун. Мен окуп алып ыйлап жатам. Кыздардын аттарын билсем куран окуйт элем. Сообуна тийсин деп.
0
Bless
2016-12-20 17:01:07
Бул жерде баары билимсиздиктин айынан болгон . Айдочулук теорийасын жакшы билиш керек . Мисал . 30км тездикте сузулгон адам 80% аман калуусу мумкун . 50км де 10 еле % мумкундук бар . 80 90 км де 0% ке тете .
Жарым чырак жанган учурда жоо жургунчунун кийими карачукул болсо Айдочу 25 метир еле аралыкты коралат . Егер ак жее кызыл сыйактуу кийинсе 60метир аралыкты коруусу мумкун . Егер жургунчу кечинде кочодо жургондо базарда сатылчу 10 15 сомдук рефликисти (Нур кайтаргыч пластик ) бутуна ж
+1
kasiko
2016-12-20 17:11:33
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
Bless
2016-12-20 17:12:30
Колуна тагынып алса айдоочу 125 метир аралыктан коралат . Демек жоо жургунчунун омуруно 10 сомдук рефлекис чон жардам беруусуу жее себеп болуусу мумкун .
Ал еми чон чыракта бул аралык 125 . 300 450 метир болот ...
Германяда ен кыйын ен кымбат турган нерсе бул айдоочулук кубоолук .
Демек жоо жургунчуда айдоочуда ушундай жонокой билимди созсуз билуусу манилуу ...
+2
Umarbalapanym
2016-12-20 18:29:14
Jatkan jeri jailuu bolsun.
+1
Fari-1992
2016-12-20 18:51:51
Нарынбаева Динара, Кубанычбек к Мырзагул
0
nurik_sadyrov
2016-12-20 20:25:54
Дагы бир жап жаш кызыбыздан айрылдык. Эки жаш кыздын омуру кыйылып жатат, айдоочуда намыс деген болсо эч кандай адвокатсыз эле турмого олтурушу керек. Эки маркум кыздардын жакындарына конул айтам.
0
Ramina-malina
2016-12-20 20:33:23
Allahym boodo kyrsyktan saktasun!
+1
muratkg
2016-12-20 21:08:06
Жаткан жери жайлуу болсун. Ажал келген да. Ошол айдоочу себепкер болгон. Туугандарына сабыр.
+1
more22
2016-12-20 22:26:21
Кыздар жол эрежесин бузган болсо да по любому айдоочу кунолу эреже боюнча айдоочуну албетте камаш керек
0
Firdaus-Muslim
2016-12-20 23:49:32
Пендечилик кырсык каш кабактын ортосунда. Жараткан жакындарына сабыр берсин. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан