Мамлекеттик айыптоочу: "Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденген"

Бүгүн, 20-декабрда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. Анда мамлекеттик айыптоочу жарыш сөзгө чыгып, төмөндөгүлөргө токтолду: “Азимжан Аскаровдун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча 2,5 айдан ашык каралды. Анда бир катар күбөлөр, айыпталуучу жана жабырлануучу тарап суралды. Биз сот акыйкат өтсүн деп, бир да ишке аралашкан жокпуз. Териштирүүлөрдүн негизинде Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденген. Мындан улам Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрында чыккан чечимин күчүндө калтырууну суранабыз”.

Кийинки сот отуруму 2017-жылдын 10-январына белгиленди.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mambo-1984
2016-12-20 17:22:15
Молодцы куносун ушинтип толук далилдеп экинчи озун ачкыс еылгыла бирок турмодон качырып жибербегиле акча берип койсо анткени канча кыргыздын убалына калды
+6
Alibek-0001
2016-12-20 17:49:55
Камаш кк
+4
BekAmir
2016-12-20 18:20:45
Атуу керек
+4
plaza85
2016-12-20 23:12:49
Аллахым оз жазасын берсин
0
Bekbolot.akylbek
2016-12-20 23:18:10
Эми бул биздин олконун алсыздыгы паракорлуктун туу чокусуна жеткендиги чондордун соттордун кайдыгер карагандыгы патриотизимдин жоктугу озунун намысынан акчанын бийик турганы себеп айта берсе соз коп анткени 2010 жылдан бери 6жыл мына 7 жыл кетип жатат сот буто элек куноосу далилденсе эмнеге камабайсынар эмнеге жазасын бербейсинер эмнеге маркум жердештерибиздин кунолууну жазалап тынч жатуусун каалабайсынар 7жыл суйродунор эми бир акыйкаттык кылып соттоп бергиле!!!
0
munduz2016
2016-12-22 15:46:55
камаш керек!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан