Чүй облусунда 30 жаштагы тургун бейбаштыкка шектелип кармалды

Чүй облусунда 30 жаштагы тургун бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү милиция кызматкерлерине Чүй районунун 27 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Мунарбек аттуу чала тааныш адам бөтөлкөнүн сыныктары менен денесине залал келтиргенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Т.М. кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан