Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө 20-декабрь күнү саат 08:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында болгон. Кара-Көл шаарында жана Көк-Бел айылында 2,5-3 баллга сезилген. Ал эми саат 15:33тө ошол эле аймакта кайрадан жер силкинүү катталып, анын күчү 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.