Чоң энесин мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 2015-жылдын 1-сентябрында саат 17:30 чамасында болгон. Анда 1990-жылы туулган Алишер Кыргызбай уулу мас абалда чоң энеси О.Тны эч себепсиз таяк менен башка чаап, өзүн жоготуп койгон учурда дөңгөч менен башына 3 жолу чаап жиберген. Натыйжада О.Т. алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.
Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү менен Алишер Кыргызбай уулу (билими орто, эч жерде иштебеген, үй-бүлөлүү, 1 баласы бар, мурда соттолбогон) "алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөй турганы белгиленген.
Ал эми соттун жогоруда айтылган өкүмү менен макул болбой соттолуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, Алишер чоң энесин атайылап өлтүрбөгөндүгүн көрсөтүп, соттолуучунун кылмыш аракетин "байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу" беренесине которууну суранган.
Жалал-Абад облустук соту кылмыш ишин карап, соттолуучунун жактоочусунун даттануусун канааттандырган жок, ошондой эле өзүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.