Кара-Суу районундагы кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Кылмыш каттоо китепчесине "кокустук" деп катталды. Алар газ баллон түгөндү деп, мештин жанына коюп уктап калышкан. Анын кесепетинен газ баллон ысып, жарылып кеткен", - деди Жеңиш Ашырбаев.
Кырсыктын кесепетинен 6 адам денесинен күйүк алган. Алардын баары бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Учурда жабыркагандардын төртөө Ош облустук ооруканасында.
"Түндө жалпы 6 адамды ооруканага алып келишкен. Экөөсүнө жардам көрсөтүлүп, жаткырылган эмес. Учурда ооруканада 4 адам жатат. Үй ээсинин аялынын абалы оор. Калгандарынын абалы жакшы", - деп билдиришти Ош облустук ооруканасынан.
Айта кетсек, окуя 21-декабрга караган түнү Кара-Суу районунда болгон. Анда газ баллон жарылып, натыйжада Ош облустук ооруканасынын күйүк бөлүмүнө 6 адам түшкөн.