Мексикадагы пиротехника саткан базарда жарылуу болуп, 29 адам каза тапты

Мексикадагы пиротехника саткан базарда жарылуу болуп, натыйжада ири өрт чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.

Маалыматка караганда, окуя Тультепек шаарындагы пиротехника саткан "Сан-Паблито" базарында орун алган. Жарылуу болгон учурда базарда 2 миңге жакын адам жүргөн. Кырсыктын кесепетинен 72 адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алып, 29 адам каза болгон.

"Сан-Паблито" - Мексикадагы пиротехника саткан эң белгилүү базар. Анда соода Жаңы жылга жакын, тактап айтканда, декабрь айында кызыйт. Базарда жалпысынан 300 соода оруну бар. Жарылуунун кесепетинен алардын 290ну күйүп кетти.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Мексикадагы пиротехника саткан базардагы жарылуудан 29 адам каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bema_bema
2016-12-21 10:40:46
Жаны жыл майрамы себеп болуп канча адамдар мерт кетти
0
maks83
2016-12-21 19:17:44
бизде сатпай калды деди эле.Нарында сатып эле жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан