Бишкекте интернет аркылуу таанышкан жаранды жолугушууга чакырып, акчасын уурдап алган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал интернет аркылуу таанышкан кыз жолугушууга чакырып, 1300 доллар жана 2000 юань акчасын уурдап алганын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Л.А. кармалган. Учурда топтолгон материалдар Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.