Жалал-Абад шаарында 8 жеңил автоунаа уурдалып, анын үчөө табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаарында соңку убактарда белгисиз кылмышкерлер тарабынан автоунаа уурдоо фактысы көбөйүп жатат. Буга чейин 2 Daewoo Tico, 1 Toyota, 5 Honda Fit автоунаасы уурдалган. Алардын ичинен азыркы убакта 3 Honda Fit автоунаасы табыла элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматта белгиленгендей, уурдалган унаалардын баары көзөмөлсүз жайда калтырылган. Мындан сырткары атайын белги берүүчү үн чыгаргычтары жок болгон.