Ысык-Көлгө балык кармаганы барып көлгө чөгүп кеткен жарандардын экинчисинин жансыз денеси табылды

Ысык-Көлгө балык кармаганы барып, кайыгы оодарылып сууга чөгүп кеткен жарандардын экинчисинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балыкчылардын кайыгы Ысык-Көл облусунун Түп районунда 20-декабрь күнү кырсыкка кабылган. Кайыкта 27 жана 26 жаштагы тургундар болгон.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада көлдүн жээгинен 5-6 метр аралыктан 04:25 чамасында 1989-жылы туулган Т.Ш. аттуу адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми издөө иштерин натыйжасында 1990-жылы туулган Э.Э. аттуу жарандын сөөгү таңга маал табылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mekush87
2016-12-21 12:30:17
Бекер оокаттын айынан...
+1
Kroxa
2016-12-21 23:23:10
Ыссык кол балыгын бекер бербейт...жон эле адамдарга...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан