Жалал-Абад облусунда жаштардын ортосунда мушташ чыгып, бир жигит каза болду

Жалал-Абад облусунда жаштардын ортосунда мушташ чыгып, бир жигит каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-декабрь түнү Сузак районунда болгон. Анда Мундуз жана Ак-Баш айылдарынын жаштарынын ортосунда мушташ чыгып, алардын бири бычактан алган жараатынан улам каза тапкан.

"Учурда кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды. Ишти Сузак РИИБи иликтеп, массалык мушташтын келип чыгуу себептерин тактоодо", - дейт Турдубеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munduz2016
2016-12-21 13:59:27
Аа,Благовенщекалык Мундуздар окшойт.
0
pepew95.
2016-12-22 04:55:07
munduz2016,же жийдеге мундуз болушу мумкун
-1
Revolyutsiya
2016-12-22 06:40:56
pepew95., Кызыл-Туу айыл окмотунун (благовещенканын бир болугу карайт) Мундуз жана Ак-Баш айылдагы экен. Мен ушундай тушундум.
0
Rifle_I
2016-12-21 20:51:52
Эмнени талашты экен ?
Ичинде акылдуулары жок болду бекен ?
Эки тараптын башчылары , тынчтык жолу менен чечип алса болмок да.
+1
ABDISHkg87
2016-12-21 23:22:13
Айылда жаштарды караган эч Ким жок! кылаарга иштери жок, ичип алып мушташып бычакташып журушот.Айылдарды онуктуруш керек,Ааламга кеткен жол Айылдан башталат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан