"Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынан издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

"Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынан издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Ж.Э. аталган көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу эч кандай өздүгүн аныктаган документи жок Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө аракет кылган.

"Ж.Э. чек арачыларга акча да сунуштаган, бирок чек арачылар тарабынан кармалып, суракка алынган. Ал издөөдө жүргөндүктөн паспортун аялына берип, өзү документи жок өтүү аракетин көргөнүн айткан. Ж.Э. 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан