Оштогу сауналардын биринин администратору "интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай уюштурган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү Ош шаарындагы "Орунбай-Ата" саунасынын администратору 42 жаштагы С.С. кармалган. Ал аталган саунада "сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштурган" деп айыпталууда.
"Бул аял кардарларга саунадан жай берип, кыздарды чакырып берип турган. Кыздын бир сааттык кызматы үчүн 1800 сомдон, ал эми сауна кызматы үчүн 300 сомдон акча алгандыгы анык болду. Учурда иликтөө иштери башталды", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.