Үч жолу унаа уурдап кармалып, сотто акталып чыгып кеткен жаран дагы унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 1987-жылы туулган Эркин 2016-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусунан дагы эки унаа уурдап келип, бирин 1200 долларга, экинчисин 1400 долларга сатып жиберген. Ал Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кечээ, 20-декабрда кармалган.
"Кылмышка шектүү 2014-жылы 2 унаа, 2015-жылы 1 унаа, 2016-жылы август айында дагы 1 унаа уурдап кармалган. Бирок үч жолкусунда тең соттон акталып чыгып кеткен. Уурдалган унаалардын баары Хонда Фит үлгүсүндө болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Эртең сот анын баш коргоо чарасын карайт", - дейт Сыдыков.