Орусиянын элчисин атып өлтүргөн полиция кызматкери быйыл Эрдогандын коопсуздугун камсыздаганы айтылды

Түркиянын борбору Анкара шаарында сүрөт көргөзмөсүнө катышып жаткан орусиялык элчи Андрей Карловго ок аткан адам быйыл Режеп Тайип Эрдогандын күзөт кызматы менен анын коопсуздугун камсыздаганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда орусиялык "Интерфакс" агенттиги түркиялык басылмаларга таянып жазып чыкты.

Маалым болгондой, 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташ 2016-жылдын 18-июлунан тарта Эрдоган катышкан иш-чараларда 8 жолу президенттин коопсуздугун камсыздоодо кызмат өтөгөн. "Алтынташ Эрдогандын жеке күзөт кызматынын командасына кирген эмес, бирок ал өлкө башчынын коопсуздугун камсыздоого багытталган полициялык операцияларга катышкан", - деп жазат басылма.

Эскерте кетсек, 19-декабрда кечинде Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azizbek.kg8
2016-12-21 19:16:19
Кудай сактасын замана кургур эмне болуп жатат.
+2
Rifle_I
2016-12-21 20:20:05
Жапжаш жигит экен. Келечеги алдыда, колунан көп иш келе турган бала өлүп кете берди.
Бирок Алеппонун өчүн алды окшойт байкуш. Бир Кудай билет чындык кайсы тарапта.
+4
keba300989
2016-12-22 09:05:33
анда бул баланы Турктордун бийлигинен бироо жалдаган окшойт
0
bom.bon
2016-12-22 15:01:53
Биздин,президент Туркияга кетпей эле койсо экен,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан