Ысык-Ата районунда тургунду бычак менен жонго сайып, бир нече кап пиязын алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 9-сентябрында болгон. Анда Кең-Булуң айылынын 26 жаштагы М.М. аттуу тургунун белгисиз адам бычак менен жонго сайып, талаадан бир нече кап пиязын алып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.Ш. кармалган. Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.