Түркиядагы орус элчисинин өлүмү боюнча жоопкерчиликти "Жейш аль-Фатх" куралдуу тобу алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда орусиялык ТАСС маалымат агенттиги "Ас-Сумария" телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
Айта кетсек, 19-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 19:00дө "Орусия Калининграддан Камчаткага чейин: саякатчынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында Андрей Карловду полицияда 2,5 жылдан бери иштеген Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкер атып өлтүргөн. Ал Измирде полиция кызматкеринин адистигин окуп бүтүрүп, 2 жыл атайын бөлүктө кызмат өтөгөн. Түркиянын укук коргоо органдары Алтынташтын ата-энесин, эжесин жана 10 адамды кармашканы маалым болду.