Орусияда "Боярышник" суюктугуна ууланып каза болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда "РИА Новости" маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин Иркутск облусундагы өкүлү Татьяна Шкурскаяга шилтеме берүү менен жазды.
Акыркы маалыматтарга караганда, жалпы 63 адам каза таап, 109 адам жабыркаган. Иркутск облусунда өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, 21-декабрда бир күндүк аза күтүү күнү жарыяланган. Учурда кылмышка шектүү катары 11 адам кармалып, 100гө чукул адам суралды.
Айта кетсек, бул окуя 17-18-декабрь күндөрү Иркутск облусунда болгон. Уулангандардын айтымдарында, спирт ичимдиги катары "Боярышник" суюктугун ичишкенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан. Алардын көпчүлүгү 35-50 жаштагылар.
"Боярышник" суюктугу курамында спирт кошулган косметикалык каражат катары саналат. Дарыгерлердин айтымында, адам өмүрүн алган окуянын келип чыгышына аталган суюктуктун курамындагы метанол себеп болгон. Бирок этикеткада этил спирти деп жазылган.