Көк-Жаңгакта мектеп окуучусу мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 17-декабрь күнү болгон. Анда 16 жаштагы 11-класстын окуучусу Көк-Жаңгак шаарынан тууганына таандык кунажынды уурдап, Сузак районундагы мал базардан 17 миң сомго сатып жиберген. Ал дүкөндөрдөгү карызын төлөө үчүн ушундай жолго барганын айткан. Ашкан акчасын үйүнүн жанындагы дааратканага катып койгон. Учурда уурдалган мал баланын ата-энеси тарабынан кайтарылып берилди.