Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Араван районундагы Анаров айыл аймагында эки кабаттуу имараттын 280 чарчы метр, жыгач устундуу, темир менен жабылган чатыры, экинчи кабаттагы жеке менчик күрөөканада 2 компьютер, электр чайнеги, сыналгы, 2 стол, 8 отургуч, 2 пластик терезе, темир сейфтин ичиндеги документтер күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.