Сузакта тургундардын үйүнө кирип, алтын зер буюмдарын уурдап жүргөн жаран кармалды

Сузакта тургундардын үйүнө кирип, алтын зер буюмдарын уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Ак-Тоок айылынын тургуну, 38 жаштагы Э.А. 14-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал бир канча уурулук фактыларына шектелүүдө.

"Кылмышка шектүү август айында Дөмөр айылында бир тургундун үйүнө кирип, жалпы баасы 56 миң сомдук алтын зер буюмдарын уурдап кеткен. Кийин базардан 57 жаштагы жарандын чөнтөгүнөн 10 миң сом жана уюлдук телефон уурдаган. Ошондой эле дагы 2 жарандын үйүнүн айнектерин сындырып, жалпы баасы 60 миң сомдон ашкан зер буюмдарын жана үй буюмдарын алып кеткен. Ал өз көрсөтмөсүндө жогорудагы кылмыштарды жасаганын мойнуна алган", - дейт Турдубеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Altyn10076
2016-12-22 13:28:42
Уруп согуп башкаларын моюнун алдырып кйсо керек ментер.
-2
tulpar90
2016-12-22 14:03:22
Сузак району быйыл криминалдуу болуп кеттиго.
-1
munduz2016
2016-12-22 14:58:26
Дубинканы эки жолу жегенде кылбаганды кылдым дейт.
+1
shankol88
2016-12-23 08:41:14
Оздору да жооп берген кун келет еки метир жерге барганда коздору ачылат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан