Панфилов районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары Тельман айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Кум-Арык жайытынан Арык айылынын 36 жаштагы Р.А. аттуу жашоочусуна таандык бир баш койду уурдап кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 62 жаштагы М.Т. Панфилов РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.