Бишкек шаарынын тургуну 3 килограмм маңзат менен кармалды

Бишкек шаарынын тургуну 3 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31 жаштагы М.У. 21-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага таандык Хонда Фит унаасын текшерүү учурунда унаадан желим бөтөлкөгө салынган гашиш табылган. Анын жалпы салмагы 3 килограммды түзгөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран аталган РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан