Түп районунда турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды

Түп районунда турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы аталган райондун Шаты айылындагы турак үйдөн чыккан. Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу, шифер менен жабылган 24 чарчы метр чатыр, диван, матрац, шкаф, палас, килем, 3 даана отургуч күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр келгиче үй ээси өз алдынча өрттү өчүрүүгө аракет кылып, натыйжада түтүнгө ууланган. Учурда ал Түп райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө.

Кырсыктын келип чыгышына колго жасалган электр плиткасы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан