Ошто "интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай уюштурган" деген шек менен кармалган саунанын администратору үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Ош шаардык соту чыгарган. Ага ылайык, "Орунбай-Ата" саунасынын администратору С.С. тергөө бүткөнчө үй камагында болот.
Айта кетсек, 19-декабрь күнү Ош шаарындагы "Орунбай-Ата" саунасынын администратору, 42 жаштагы С.С. кармалган. Ал кардарларга саунадан жай берип, кыздарды чакырып берип турган. Кыздын бир сааттык кызматы үчүн 1800 сомдон, ал эми сауна кызматы үчүн 300 сомдон акча алгандыгы анык болгон.