Мындан 24 жыл мурун, 1992-жылы 22-декабрда Ливиянын борбору Триполиде Боинг 747 учагы менен МиГ-23 истребители асманда кагышкан.
Жыйынтыгында эки учакта болгон 157 адамдын баары каза болгон. Боинг 747 учагы Ливиянын Бенгази шаарынан учуп чыгып, Триполи шаарынын аба майданына жетип калганда 1067 метр бийиктикте
МиГ-23 истребители менен кагышкан. Башкаруусун жоготуп койгон учак аэропорттон 9 чакырым алыскы аралыкта жерге кулап түшкөн. Бул кырсык Ливиядагы эң чоң авиациялык катастрофа болуп саналат.
22-декабрга карата жылнаама.