Караколдо сатуучуну тапанча менен коркутуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды

Караколдо сатуучуну тапанча менен коркутуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда белгисиз адам сатуучуну тапанча менен коркутуп, 2 миң сом акчасын жана "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Рустам кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан