Базар-Коргондо 3 адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү Кеңеш айыл аймагына караштуу Коткор айылында болгон. Анда бир үй-бүлөдөн 3 адам турак үйдөн каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдөн чыккан түтүнгө ууланышкан.
"Үй-бүлө башчысы Орусиянын Москва шаарында иштейт. Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган М.Б.К. (аялы), 2002-жылы туулган А. у. Б. (баласы), 2013-жылы туулган М.А.А. (кызы) каза тапкан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.