Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, бир унаада өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Каракол шаарынын Абдрахманов жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда токтоп тургун Лексус RX-300 үлгүсүндөгү унаасын Т.Мукамбетовдун башкаруусундагы Фольксваген Гольф унаасы келип сүзгөн. Натыйжада Фольксваген Гольф унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес