Бишкекте эки айдоочу жол талашып, бири экинчисин тапанча менен атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн түшкө жакын Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө болгон. Анда эки айдоочу жол талашып уруша кетишкен. Анын кесепетинен бири тапанча менен экинчисин атып салган.
"Бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Тимур кармалды. Ал эми тапанчанын огунан жабыркаган 1989-жылы туулган Урмат ооруканага жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.