Бүгүн, 23-декабрда саат 12:50 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымында автоунаа кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымында (Чаар-Арча чегинде) УАЗ үлгүсүндөгү унаа болжол менен 30-35 метр бийиктиктен кулап, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 7 адам болгон, анын ичинен 1 жаш бала жана 1 аял каза болгон, 4 жаран оор, 1 жаран жеңил жараат алган", - деп айтылат маалыматта.
Жараат алган жарандар райондук ооруканага жөнөтүлүп, өздүктөрү такталууда.