Алдын ала алынган маалымат боюнча, бүгүн, 23-декабрда саат 12:00дө Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында болжол менен көлөмү 7200 метр куб кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
"Түшкөн кар көчкү 2 оор жүк ташуучу унааны жолдон сүрүп салган, жабыркаган адамдар бар же жоктугу такталууда. Кар көчкү түшкөн жерге ӨКМнын Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулар чыгып кетишти", - деп жазылат маалыматта.
Каттам жабылганы, унаа жолду тазалоого №9-Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер жана 1 жүктөгүч тартылганы маалым болду.