Чүйдө бычакталып өлтүрүлгөн жаран жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, каза тапкан жарандын 1984-жылы туулган Талант Шаршеналиев экендиги аныкталган. Ал Чүй районунун Дөң-Арык айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон.
Айта кетсек, окуя 8-декабрь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Анда 34 жаштагы А.З. чогуу спирт ичимдигин ичип отурган 32 жаштагы Ш.Тны бычак менен сайып, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканадан каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү А.З. изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.