Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери баңгизаттарын Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүү аракетин көргөн кыргыз жарандарын колго түшүрүштү. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар кабарлайт.
Кыргыз жарандары Учкурган районундагы Егду пунктунда кармалышкан. Алардын жанынан 1,5 килограмм гашиш табылган.