Кечээ Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Кечээ Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Саат 19:47де эпицентрде 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргыз жергесинин аймагында. Ал Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышты көздөй 23 чакырым, Койлуу айылынан түштүк-чыгышты көздөй 25 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 90 чакырым алыстыкта болгон", - деп айтылат маалыматта.

Кең-Суу, Эчкилүү-Таш, Койлуу, Май-Саз, Кургак, Таш-Короо, Эңилчек айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга барабар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
A3A
2016-12-26 10:35:07
Кудай сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан