2016-жылдын 11 айында кыргыз-тажик чек арасында 6, кыргыз-өзбек чек арасында 6, жалпы 12 конфликт катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге кыскарган. Айта кетсек, былтыр кыргыз-тажик чек арасында 10, кыргыз-өзбек чек арасында 10, кыргыз-кытай чек арасында 1, кыргыз-казак чек арасында 1 чыр-чатак болгон.
Төмөндө 11 айда чек арада катталган чыр-чатактардын айрымдарын эске салабыз.
9-январь: Аксы районунун Сары-Көпүрө тилкесиндеги такталбаган аймакта өзбек чек арачылары 4 кыргыз жаранына ок атышкан. Анда бир кыргыз жаранынын бутуна ок тийип, ал Наманган облусундагы ооруканага жаткырылган. Ал эми 3 жаран кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган. Алар чек араны бойлой жайгашкан суу түтүктөрүн бузууга аракет кылышкан. Жабыркаган жаран 10-январь күнү кайтарылган.
18-март: Ала-Бука районунун Чала-Сарт тилкесиндеги такталбаган аймакка Өзбекстан 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп, 40ка жакын аскерин жайгаштырган. Ошондой эле Кербен-Ала-Бука унаа жолуна блокпост коюшкан. Алгач эки районду бириктирген жолго блокпостту алуу талабы коюлуп, аткарылбаган соң кыргыз тарап 2 БТР жана аскерлерин жайгаштырган. Өзбекстан тарап мындай аракетин "Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө, терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүргөн. Ал эми жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, 7 күндөн кийин гана жолго коюлган блокпост алынган.
27-март: Кыргыз-тажик чек арасындагы эки айылдын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Анда Ак-Сай айылынын тургундары Каравшин дарыясынан кум-таш алганы келишкенде, Тажикстандын Чорку айылынын тургундары уруксат бербей коюшкан. Нааразы болгон кыргыз жарандары 30-36 адамдан турган топту чогултуп суунун жээгине келишкен. Пикир келишпестикти ырбатпоо үчүн эки тараптын чек ара тозотторунун жетекчилери окуя болгон жерге келишип, Каравшин суусундагы кум-ташты биргеликте пайдалануу боюнча суроо чечилген.
3-апрель: Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы окуучулар менен Тажикстандын Дахма айылындагы мектептин окуучулары ортосунда уруш чыгып, эки тарап бири-бирин таш менен урушкан. Окуя болгон жерге "Баткен" чек ара отрядынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери барып кырдаалды жөнгө салышкан. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон эмес. Аталган айылдарды ортодо жалгыз жол гана бөлүп турат.
17-август: Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын аймагына мыйзамсыз кирген өзбек милиция кызматкерлерине ок атылып, алардын бири кармалган. Ал эми калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. 2016-жылдын май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер мамлекеттин менчигине өткөн. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу.
22-август: Аксыдагы Үңкүр-Тоого өзбек тарап 7 милиция кызматкерин жайгаштырып, ал жактагы
телемунарада иштеген 4 кыргыз жаранын кармап кеткен. Муну менен алар буга чейин кармалган өзбек милиция кызматкерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычындагы милиция постун алып салуу талабын коюшкан. Ошол эле күнү кечинде Касанай райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматкери Ала-Буканын Баймак аймагында өткөрүлүп берилген. Бирок өзбек тарап 17 күндөн кийин гана Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берген. Ал эми Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин 18-сентябрда алып кеткен.
28-ноябрь: Баткен облусунун Миң-Өрүк айылында болжол менен саат 8:25те кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкеге Тажикстандын аскерлери кирип келип, 3 жолу негизсиз ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары да аларга жооп кайтаруу максатында асманга ок атышкан. Андан соң эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, анын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары такталбаган тилкеге 50 метр жетпей, ал эми тажик чек арачылары 100 метр ары жакта кайтаруу жүргүзүү чечимине келишкен.
Жалпылап айтсак, анча-мынча жаракат алган жарандар болбосо, бактыга жараша, башка жылдардагыдай чек ара маселесинен улам адам өлүмү катталган жок.
Айта кетсек, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барып келген. Анда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, өзбек лидери Шавкат Мирзийоев менен бир катар маселелерди талкуулаган. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков журналисттерге эки өлкө жетекчилери чек ара маселелерин да талкуулашканын билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта кыргыз-өзбек чек арасынын 70 пайызы такталган. "Өлкө башчылары вице-премьер-министрлерге январь айынын ортосуна чейин бардык маселелерди чечүүнү тапшырышты. Мындан улам делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жолугушуулар өткөрүлөт. Бир айдын ичинде бул иштер аяктаары күтүлүүдө", - деди Исаков.
Демек, кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелер жакынкы күндөрү чечилип, эки өлкө ортосундагы мамиле жакшы нукта өнүгөт деген ишенимдебиз.