Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында аялы күйөөсүнө бычак сайды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун кабарлады.
Анын айтымында, окуя мындан 4-5 күн мурун болгон. Анда аялы күйөөсүнө төрт жолу бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, аялы милицияда сурак берип жатат.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, окуя кылмыш каттоо китепчесине "кокустук" деп катталганын билдиришти.
"Окуя 21-декабрь күнү болгон. Анда К.Ж. малга чөп салып келе жатып шатыдан жыгылып түшкөнүн жана колундагы жип кескен бычагы далысына сайылганын айткан", - деп билдирди Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.
Ошондой эле Ашырбаев "аялы бычактады" деген маалымат текшерүүгө алынарын кошумчалады.