ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2016: Музейде, жатаканада, театрда, чиркөөдө, мектепте өрт чыкты...

Өтүп бара жаткан жыл өзгөчө кырдаалдар көп катталган жылдардан болду. Өлкө аймагында катталган суу каптоо, жер көчкү, катуу шамал жана өрт кырсыктары өкмөттү бир топ эле түйшүккө салды. Төмөндө 11 айда катталган өрт кырсыктарына саресеп салабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкө аймагында 11 айда 3528 өрт кырсыгы катталган. Ошондой эле тилсиз жоо 66 адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал эми келтирилген чыгым 455 миллион сомдон ашкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Белгилей кетсек, өрт кырсыгынан каза тапкан адамдардын саны 2015-жылы 38ге жетсе, келтирилген чыгымдын суммасы 266 миллион сомду түзгөн.

“16-КАБАТТАН ЖОГОРУДА ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРӨ АЛБАЙБЫЗ”

Жыл өткөн сайын борбор калаабыз Бишкек шаары туурасына эмес, бийикке карай өсүп бара жаткандыгы кубандырат. Бирок курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын баарында өрт коопсуздук эрежелери толук сакталбай келет. Буга көп кабаттуу имараттарда чыккан өрт кырсыктары далил. Алсак, Бишкек шаарынын Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 13 кабаттуу үйдүн чатыры күйгөн. Кырсыктын келип чыгуусуна электр зымдарын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ал эми Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдө чыккан өрт дээрлик 7 саатта өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 13 кабаттуу №190-үйдүн 3000 чарчы метр, жыгач устундуу, черепица менен жабылган чатыры толугу менен жана 13-кабаттын батирлери, эшик-терезелери, үй эмеректери күйгөн.

Көп кабаттуу имараттагы өрттөрдү өчүрүүдөгү дагы бир көйгөй - бийиктикке чыгуучу атайын шатылардын жетишсиздиги. Бишкекте 50 метр бийиктикке чыгуучу жалгыз гана унаа бар. Бул 16-кабаттан жогорку кабаттардан чыккан өрттү өчүрө албайбыз дегендик.

МУЗЕЙДЕ, ЖАТАКАНАДА, ТЕАТРДА, ЧИРКӨӨДӨ ӨРТ ЧЫКТЫ...

16-февралда Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын имаратында өрт чыгып, 2 бөлмөдөгү сахнага кийип чыгуучу кийимдер күйүп кетсе, 22-июль күнү Мамлекеттик тарых музейинде да өрт чыгып, жыйын өтүүчү залдын жанында жайгашкан кампанын ичиндеги 300 чарчы метр жараксыз кагаздар, ар кандай чарбалык иштерде колдонуучу буюм-тайымдар жарым-жартылай өрттөнгөн. Андагы өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон. Ал эми Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин жатаканасында чыккан өрттөн 14 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндөгү чиркөөдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Жалындаган өрт чиркөөгө жанаша жайгашкан жеке менчик мектепти да каптаган. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 8 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Мындан сырткары коомдук жайларда да ири өрт кырсыгы катталган учурлар болду. Алсак, 18-ноябрда А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Ала-Тоо" кафесинин чатырынын 800 чарчы метри күйүп кеткен. 11 айлыктын катарына кирбесе да, соңуна чыгып бара жаткан жылдын аягында "Айпериде" жайгашкан кафелердин биринен өрт чыгып, бактыга жараша, адам өмүрүнө коркунучтар келген жок.

БАЗАРДА ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮДӨГҮ НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙ

2016-жылы Исфана шаарындагы “Лейлек”, Бишкектеги “Мадина”, “Профметалл”, “Таатан” жана Каракол шаарындагы “Макиш” базарларында өрт чыккан. Анда кырсыктын келип чыгуусуна көп учурда электр жабдууларын колдонууда эреженин бузулушу себеп болгон. Базардагы өрттү өчүрүүдөгү негизги көйгөй - өрт өчүрүүчү унаалардын кырсык келип чыккан чекитке чейин жетпей калышы.

Базарлардагы өрт коопсуздугун Экологиялык-техникалык мамлекеттик инспекция көзөмөлгө алат. Декабрь айында Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынган. Буга базар жетекчилиги тарабынан өрттүн алдын алуу чаралары көрүлбөгөнү, соода орундарынын баш аламан жана жыш жайгашкандыгынан өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тоскоолдук жаралганы себеп болгон. Мындай көрүнүш бир эле “Аламүдүн” базарында эмес, шаардагы көпчүлүк базарларда да көйгөй боюнча турат. Демек, жогоруда аталган инспекция көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Эгер өрт кырсыгы орун алса, жарандар жабыркап, соодагерлер олуттуу материалдык чыгымга учурашы толук мүмкүн.

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ТҮЙШҮККӨ САЛГАН ТИЛСИЗ ЖОО

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү саат 13:03 чамасында Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада өрт чыккан. Ага жалпысынан 6 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, 20 саат дегенде араң өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр муну күйүүчү-майлоочу каражаттардын күйгөнү менен түшүндүрүштү. Мындагы өрттү суу менен эмес, көбүк менен өчүрүү керек эле, бирок резервде сакталган көбүк да аны толук өчүрүүгө жеткен жок. Өрт 2500 чарчы метр аянтты чапчып, анда болжол менен 700 тоннага жакын күйүүчү-майлоочу каражаттар күйгөн. Кудай сактасын дейли, кокус май куюучу жайлардын бири өрттөнүп кетсе, күйүп бүткүчө күтүп туруп берүүдөн башка арга жокпу деген коркунуч жаралат.

МОСКВАДА ЖАЛЫН МЕНЕН КОШО ЖАЛП ӨЧКӨН ӨМҮРЛӨР

2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарында ири өрт кырсыгы катталган. Анда Алтуфьев шоссесиндеги басмакананын кампасы өрттөнүп, анын кесепетинен 17 адам түтүнгө ууланып каза тапкан. Алардын көпчүлүгү, тактап айтканда, 14ү кыргыз жарандары болушкан. Бул окуя жалпы кыргыз элин кайгыга салды. Көпчүлүк “ажалдан алып кала албадык, кечиргиле, кечиргиле, кечиргиле...” деп гана тим болушту. Улуу-кичүү дебей “14 периште 14 үйдүн куту, 14 үйдүн кызы эле” деп көзүнө жаш алышты. Чынында, он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып бөтөн жерде, бөтөн элде көз жумган кыздардын өлүмү орду толгус чоң жоготуу болду.

Өрт кырсыктарынан тышкары 2016-жылдын 11 айында өлкө аймагында 114 сел, 28 суу каптоо, 21 катуу шамал жана 16 жер көчкү жүргөн. Өзгөчө кырдаалдардын көбү Жалал-Абад (59), Баткен (38), Ысык-Көл (33), Ош (31) жана Чүй (28) облустарына туура келет.

"Кырсык каш-кабактын ортосунда" делет. Андыктан кырсыктын болушун алдын алсак, жогорудагыдай көз жаштар төгүлүп, көл болбойт эле...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан