Мындан 77 жыл мурун, 1939-жылы 27-декабрда Түркиянын Эрзинжан шаарында күчү 7,9 баллга жеткен зилзала болгон. Кырсыктын кесепетинен 32 962 адам курман болуп, 100 миңге жакын киши жаракат алган. Шаардагы турак жайлардын дээрлик баары зыян тартып, 116 720 имарат кыйрап калган. Бул кырсык 20-кылымдагы эң чоң 10 жер титирөөнүн катарына кирген.
27-декабрга карата жылнаама.