Аламүдүн районунда жаранды сабап, унаасын тартып алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 52 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз 4 адам унаасына түшүп, белгиленген жерге жеткирип коюшун суранышкан.
"Жолдо алар айдоочуну сабап, 1000 сом акчасын жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Г.И., 21 жаштагы А.Ч., 22 жаштагы Б.М. жана 18 жаштагы Т.Р. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.